• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Жыл башынан бери жаш балдардын катышуусунда 332 жол кырсыгы катталган

18 Баш оона 2022 18:01 Бишкек Govori.TV

Жыл башынан бери Бишкек шаарында жаш балдардын катышуусунда 332 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Билдирүүдө кырсыктардын көбү сүзүү фактысы менен коштолуп жаткандыгы айтылат. Жол кырсыгынан 373 өспүрүм ар кандай жаракаттарды алып, экөө каза болгон.

«Милициянын кайгуул кызматы мектептерге бекитилген кызматкерлерге окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында атайын сабактарды өткөрүүдө. Сабактын алкагында өспүрүмдөргө жолдо өзүн коопсуз алып жүрүү, чоң унаа жүрүүчү жолдорго чуркап чыкпоо жана түнкүсүн жарык берүүчү элементтерди колдонуу багытындагы талаптарды жеткирүү тапшырмасы коюлду»,-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан 104 жалпы билим берүүчү орто мектептин ар бирине жалпы 168 кызматкер бекитилип, алар мектеп окуучуларынын жол коопсуздугун көзөмөлдөшөт.

Количество просмотров: 152