• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жыл башынан бери жол кырсыгынан 110 адам каза болду

25 Жалган куран 202510:48 Бишкек Govori.TV

Жыл башынан тарта өлкөдө 1,3 миңден ашуун жол кырсыгы катталды. Бул туралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.

Анын айтымында, анын кесепетинен 2 миң адам ар кандай жаракат алып, 110 адам каза болгон.

“Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жалпы катталган жол унаа кырсыктарынын өсүү темпи байкалууда. Бирок, быйыл мурдагыга салыштырмалуу бир эле унаа кырсыгынан 5-6 адам каза болуп, 10-11 адам ар кандай жаракат алган жол кырсыгы азаюуда”,-деди ал.

Ал белгилегендей, катталып жаткан, жол кырсыгынын дээрлик 91%ы айдоочулардын күнөөсүнөн улам болууда.

“Өкмөт жолдорду оңдоп, жарыктандырып канчалык шарттарды түзүп бергенине карабастан, катуу ылдамдыкта айдап жол унаа кырсыгына себепкер болгон көп учурлар кездешүүдө”,-деди ал.

Количество просмотров: 153