• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жыл башынан бери жол кырсыгынан 500гө жакын адам каза болду

29 Тогуздун айы 20209:21 Бишкек Govori.TV

Ушул жылдын 9 ай ичинде жол кырсыгынан 500гө жакын адам каза болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жалпысынан тогуз айда 4 миң 184 жол кырсыгы катталып, андан 496 адам каза болсо, 6 миң 270 жаран ар кандай жаракат алышкан.

Ошондой эле балдардын катышуусу менен 900дөн ашык жол кырсыгы катталып, 60 бала каза болду. Миңден ашык бала ар кандай жаракат алышкан.

Количество просмотров: 76