• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Чек ара, Кумтөр, Кемпир-Абад, камоолор.Кыргыз саясаты кызыган 2022-жыл

31 Бештин айы 2022 11:01 Бишкек Govori.TV


Узап бара жаткан 2022-жыл кыргыз саясаты кызыган жыл болду. Кумтөр кени толугу менен өлкөнүн менчигине өттү. Кыргыз-өзбек чек арасына чекит коюлду. 30га жакын саясатчы, активисттер камалып, Кемпир-Абад суу сактагычынын тагдыры чечилди. Ошол эле учурда кыргыз-тажик чек ара тилкесинде кан төгүлдү.

Эки өлкөнүн ортосунда чек аранын айынан байма-бай жаңжал чыгып келет. Үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрдагы жаңжал эң масштабдуу болуп, Тажикстандын куралдуу агрессиясынан Кыргызстандын 63 жараны курман болду. 206 киши ар кандай жараат алды, 140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды. 700гө жакын үй-жай талкаланып, анын жарымынан көбү жараксыз абалга кептелди.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Нью-Йоркто Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп, кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяларга токтолду. Жапаров 14-17-сентябрда ондогон адамдын өмүрүн алган окуяны «агрессия» деп атап, Тажикстанды «бардык макулдашууларга карабай чабуул жасады» деп айыптады.

Кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүдө Орусиянын президенти Владимир Путин ортомчу болууга аракет кылды. Казакстандын борбору Астана шаарында октябрь айында Кыргызстан, Орусия жана Тажикстандын президенттери Садыр Жапаровдун, Владимир Путин, Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болду. Жолугушуу негизинен жабык өттү. Рахмон менен Жапаров кол алышып учурушкан жок.

Жапаров кыргыз тарап талаштуу маселелерди тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү жолун гана жактай турганын билдирди. Рахмондун эмне деп сүйлөгөнү адаттагыдай эле жабык бойдон калды.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 972 чакырым. Анын 682 км такталып, талаштуу делген 290 чакырымы калды. 1-6-декабрь күндөрү Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топтору жолугуп, 17 чакырымдан ашык тилкени аныктоону макулдашты. Бул жолку жолугушууда жетишилген 17,66 чакырым тилке сентябрь айында болгон чек арадагы куралдуу кагылыштан кийинки кыргыз-тажик чек арасын тактоого байланыштуу жылыш катары бааланууда.

Тажикстан менен чек араны тактоо иштеринде чечим табылып жатканын акыркы күндөрү бир нече жолу бийлик тарабынан айтылууда. Президент Садыр Жапаров 17-ноябрда Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча сунуш парламентке жыл соңуна чейин берилерин белилеген. Деген менен жыл аяктап баратат. Бул арада чек арадагы жаңжалда өрттөлгөн үйлөрдүн убагында курулуп бүтпөгөнү сынга кабылды.

Буга чейин өкмөт Баткенде жыл аягына чейин 150 үй курулуп, пайдаланууга берилерин, акча жетиштүү бөлүнүп жатканын айтып ишендирген эле. Бүгүнкү күндө депутаттар курулуш жай жүрүп жатканына нааразы болуп, жетекчилердин жоопкерчилигин кароону талап кылынууда.

Бул арада Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттик чек аранын айрым тилкелерин ратификациялоо жөнүндөгү жана Кемпир-Абад суу сактагычын биргеликте башкаруу тууралуу мыйзам долбоорун 7-чакырылыштын депутаттары колдоп берди. Макулдашууга ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун Кыргызстан менен Өзбекстандан 12ден кирген биргелешкен комиссия башкарат. Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, техникалык жактан тейлейт жана кыргыз тарап менен макулдашылган көлөмдө сууну агызат. Суунун деңгээлин горизонталь боюнча 900дөн жогору эмес кармап туруу милдетин алат. Бирок буга өзгөчө кырдаалдар – мисалы, суу каптоо, жаратылыш кубулуштары жана форс-мажордук жагдайлар кирбей турганы жазылган. Келишимге Жапаров 29-ноябрда, ал эми Мирзиёев — 30-ноябрда кол койгон. Эки өлкөнүн президенттери кол койгон документтерди талкуулоо Кыргызстанда ири чуулар менен коштолду.

Кыргызстанда Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы болгон 30га жакын саясатчы жана активист “жапырт башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камакка алынган. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат.

Кийин Кемпир-Абадка каршы добуш берген эл өкүлдөрүнө коркутуу болуп жатканын айтып чыгышты.

Өлкө башчы элдик курултайда сүйлөгөн сөзүндө Кемпир-Абад маселесине токтолуп, суу сактагычка байланыштуу эки тараптуу келишимге каршы чыккандарды «өз кызыкчылыгын көздөгөн» деп сынга алды.

Камактагы активист, саясатчылар соттун чечимине нааразы болуп дээрлик 15 күн ачкачылык кармашты. Алардын ичинен айрымдарынын абалы кескин начарлап, сот залынан эсин жоготкондор болду.

Деген менен жактоочулардын үй камагына чыгаруу өтүнүчү канааттандырылган жок. Ошентип Бишкек шаардык соту башаламандыкка айыпталып кармалган саясатчы, активист, блогерлерди камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды. Бүгүнкү күндө Кемпир-Абаддын айланасында ача пикирлер токтой элек. Ал эми камактагыларды бошотуу талабы байма-бай айтылууда.

2022-жылдын 29-июлунда өлкө бийлиги «Кумтөр» толугу менен Кыргызстанга өткөнүн жар салды. Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров ушуну менен кыргыз тарап канадалык Centerra Gold Inc. менен «Кумтөр» долбоору боюнча эки айры жолго түшкөнүн маалымдаган. Бирок андан кийин эле өлкөдө алтындын сатылышы жана кенде каржылык бузуулар аныкталгандыгына байланыштуу чуу чыккан. Анда 19 тонна алтындын дайыны сурала баштады.

Улуттук банктын отчётунда 1,1 млрд долларга бааланган 19,2 тонна алтын «белгисиз өлкөгө» экспорттолгону айтылган. Ал эми президент маалымат «коопсуздук максатында» жашыруун экенин билдирген. Бирок журналисттер алтындын кайда экенин аныкташты — ал өлкө Швейцария болуп чыккан. 13-сентябрда Башкы прокуратура Кумтөр кенин иштеткен «Кумтөр Голд Компанинин» ишин текшерүүсүнүн жыйынтыгында үч кылмыш ишин козгогон. Компания мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилгени белгиленген. Ага карабастан, Бөлтүрүк «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калган. Ал бул кызматка 14-февралда келген. Сентябрда коррупцияга байланыштуу камалып, учурда УКМКнын тергөө абагында отурат.

Депутаттар менен оппозиция бийликтен отчёт талап кылган, ал эми Садыр Жапаров бул маселе боюнча комиссия түзүп, ал жакка оппозициянын жана коомчулуктун өкүлдөрүн кошууну сунуштаган. «Кумтөрдүн» иши боюнча депутаттык комиссия 28-сентябрда түзүлүп, төрага болгон депутат Исхак Масалиев ыйгарым укуктарын тапшырып берди. «Кумтөрдөгү» алтындын сатылышы, кендин Кыргызстандын энчисине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтөө максатында түзүлгөн парламенттик комиссия бүгүнкү күнгө дейре ишин баштай албай отурат.

Бул арада мамлекеттик бюджеттен дээрлик үч жарым миллиард сом бөлүнгөн «Улуу көчмөндөр мурасы” холдинги бир жыл өтпөй жабылды. Ишкана түзүп, кайра жоюудагы чыгымдар кызуу талкуу жаратты. Учурда «Кумтөр Голд Компани» ЖАКты Алмаз Барыктабасов жетектеп жатат.

Узап бара жаткан жылда Биринчи Элдик Курултай өтүп, анын жыйынтыгы боюнча Резолюция кабыл алынды. Курултай жөнүндө мыйзам кабыл алына электигине байланыштуу ал убактылуу жобонун негизинде гана өтүп, Кыргызстан боюнча 1072 делегат шайланып келди. Жыйынды уюштурууга 20 млн сомдун тегерегинде каражат сарпталды.

Жер-жерлерден шайланып келген эл өкүлдөрү бийлик бутактарынын отчетун угуп, чечилбей жаткан социалдык-экономикалык маселелерди көтөрүү менен бийликке сын айткандар болду.

Бийлик өкүлдөрү айтылган дооматтар-сындарга эки күн кулак салып отурду. Курултайга делегат катары катышкан саясат талдоочулар башка өлкөлөрдө мындай институт жок экенин белгилеп, ага оң баасын бергендер болду. Ошол эле учурда курултайга купулу толбогондор чыкты. Мындан улам күзгө чакырылган Элдик курултайдын мыйзамдуулугу, ал мүдөөсүнө жеттиби деген суроонун айланасында кайчы пикирлер айтылган бойдон калды.

Быйыл Кыргызстанда ири саясий окуялар өттү. Алар чыр-чатак, камоолор өңдүү чыңалуулар менен коштолду. Эл аралык уюмдар Кыргызстанда бийлик сөз эркиндигине болуп көрбөгөндөй басым кылып жатканын, маалыматтын ачыктыгын талап кылып, пикирлердин эркин айткандар саясий куугунтукка кабылуу менен коркутууларга дуушар болуп жатышканын белгилеп, бийликке коңгуроо кагышууда.

Количество просмотров: 660