• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Жыл ичинде саясаттагы тирешүү коштолгон чыр-чатактар…

30 Бештин айы 2022 11:00 Бишкек Govori.TV


Саламатсыздарбы! Быйылкы жыл аяктап, жаңы жылдын кирип келишине саналуу гана күн калды. Жолборс жылынын соңунда жыл ичинде орун алган коомдогу жана саясаттагы урунттуу учурларды тизмектеп айтып беребиз.


Алгач, президенттин жыл башынан берки башка өлкөлөргө чыккан иш-сапарларынан баштасак. Өлкө башчысы Садыр Жапаров бир жыл ичинде 12 жолу иш-сапары менен чет өлкөгө барган. Президенттин иш сапарынын бул жылдагы соңку сапары Орусия өлкөсүнө болуп, жыл аягында өзүнө учак сатып алуу чечимин кабыл алды. Мындан сырткары буга чейинки бардык иш-сапардык учуулар акысыз болгонун, кыргыз тарап авиациялык күйүүчү майга гана чыгым кетиргенин айтып актанышты.

2022-жылдын апрель айында мамлекет башчы Садыр Жапаров 21 миң чарчы метр аянтты ээлеген жаңы Ак үйдүн имаратына капсула салган. Ага кеткен чыгымдарды инвесторлор көтөрөт, бул үчүн аларга Бишкектен 16 гектар жер бериле турганы айтылган. Алмашуу жолу менен салынып жаткан президенттин үйүнө ким демөөрчүлүк кылаары сыр бойдон калды..


2022-жылдын 17-мартында, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына митингге чыккан укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасуловаларды, Бишкектеги Биринчи май райондук сотуна жеткиришкениненин эсиңиздерге салалы. Ага себеп, Украинаны колдоо максатында акцияга чыкканы болду. Аларга эки берене, майда бейбаштык жана тартип сакчыларына моюн сунбоо боюнча айып тагылган.


Мындай окуя кайрадан октябрь айында кайталанып, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровду Орусиянын элчилигинин имаратынын алдына «Согушка каршы» деген акцияга чакканы үчүн милиция алып кеткен.


Жетим-Тоону иштетүүгө каршылыгын билдирген, Айыл чарба министрлигинин жана “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын ишин сындаган, жарандык активист, ишкер Илгиз Шаменовдун унаасынан жардыруучу затка окшогон нерсе табылганы белгилүү болгон. Ал ага чейин УКМКда суракта болгонун, куугунтукка кабылып жатканын айтып чыккан.


Мындан көп өтпөй активист өлкөнүн аймагынан чыгып кеткен. Москвада жүргөн Шаменов 2022-жылдын 28-октябрында аны күч органдары Кыргызстанга алып кетип жатканын айткан. Абакка алынганынын себебин активист жетим тоону иштетүүгө каршы болгондугу менен түшүндүргөн.
«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү, мурдагы депутат активист Орозайым Нарматова бир тууган агасынын каза болгонуна байланыштуу өлкөгө келип, кайрадан Москва шаарына учуп кетээрде Оштун аба майданынан «бийликти күч менен басып алууга чакырык жасады»,-деп күч органдары кармап келишкен. Мындай жагдай жөнөкөй элден тартып Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан да катуу сынга алынды.


2022-жылдын май айында борбордогу “Манас айылынын” башчысы, манасчы Дөөлөт Сыдыков жумуштан кетүү тууралуу арызын жазып, үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткенин айткан. Бирок, ал кайсы өлкөгө кеткенин жана анын себептерин түшүндүргөн эмес. Ошондой эле «кысым болду» деген маалыматтар чын экенин билдирип, ким, эмне себептен кысым кылганын ачыктабай койгон. Ага чейин Дөөлөт Сыдыков маданий-этнографиялык комплекстин жерин белгисиз топ басып алууга аракет кылып жатканын билдирип, өлкө жетекчилерине кайрылган. Бул маселе Жогорку Кеңештин 14-апрелдеги жыйынында да көтөрүлгөн.


Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Түркиянын Бурса шаарында “Манас жумалыгы” иш-чарасы өткөрүлүп, анын алкагында манасчы Рыспай Исаков Кыргызстан, Түркия, Казакстан жана Венгриядан келген башка манасчылардын колдоосу менен тынымсыз жана узак мөөнөткө Манас айтуу боюнча рекорд коюуга аттанган. Социалдык тармактарда манасчы Рыспай Исаковдун Манас айтып жаткан учурдагы видеосу тарап, сын-пикирлердин айтылышына себеп болгон эле. Кийин манасчы бул тууралуу түшүндүрмө берип, тыныгуу кезинде тартылган тасма социалдык тармакка кандай максатта чыгып кеткендигин билбей турганын кабарлаган.


2022-жылдын 20-январында Борбордук шайлоо комиссиясы Орозайым Нарматованы депутаттык мандатынан ажыраткан. Буга Нарматованын жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө УКМК менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы негиз болгон.
Ушундай эле мандатынан ажыратуу маселеси «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровга карата жүргүзүлүп, бирок эл өкүлдөрү Мадумаровду жоопко тартууга макул болбой коюшкан.


УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында «колуңду сындырып коем»,-деген сөзү коомчулукта катуу талкуу жаратты. Мындай сөздү айтууга Мадумаровдун сөөмөй көрсөтүп сүйлөгөнү себеп болгон. Түшүнүктүү болушу үчүн айта кетсек, Ташиев Мадумаровду парламенттин трибунасы аркылуу УКМК кызматкерлерин каралап жатат деп айыптаган. Ал учурда жыйында отурган Мадумаров ага сөөмөй кезеп жооп берип, бирок анын микрофону өчүк болгонуна байланыштуу эмне деп айтканы угулбай калган.


Бул чыр ошону менен эле аяктап калган жок. Кемпир-Абад маселеси каралып жатканда УКМКнын төрагасы депутаттардын суроолоруна текеберденип жооп берип, айрымдарын бөжөкөгө, кээ бирин кекиликке теңеди. Ал эле эмес депутатты сөгүп да жиберди.


Депутат менен төраганын кайым айтышуусу уланып жаткан учурда кайдан жайдан эле Ташиевдин таламын талашкан болушчаак депутат аз жерден Бакиров менен мушташып кете жаздады.
Бул болушчаак депутат андан мурун, президенке каршы чыгуу тийип турган күнгө таш ыргыткан менен барабар деп Мадумаровго сын айтты эле.


Кайрадан депутат менен төраганын тирешине келсек, айтып өткөн Кемпир-Абад маселеси каралган жыйындан кийин, Өмүрбек Бакировду иш бөлмөсүнөн чыгаруу аракети көрүлдү. Бирок, бул амалдан жыйынтык чыкпай калгандай, кийин аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн, мандатынан ажыратуу сунушу айтылды. Бакиров өзү бул кадамды басым деп баалады.


Эми УКМКнын башчысынын Парламентке эки жашык атуучу курал алып келгендиги тууралуу кеп кылсак: Тажикстандын агрессиялык куралдуу кол салуусунан кийин, Камчыбек Ташиев эки жашык курал көтөрүп Жогорку Кеңештин жыйынына келгенин, депутат Адахан Мадумаров жапайычылык деп баалаган.


Мындай окуянын орун алганын ошол жыйынга катышкан Жусупбек Коргонбай уулунун куралчан чыкканынан билсек болот.


Бул маселеден көп өтпөй Талант Мамытов төрагалык кызматынан кетти. Себебин парламентте болгон окуяга байланыштырган.


Жогорку Кеңеште орун алган ызы-чуулардын көбөйүп кеткендигине байланыштуу депутат Марлен Маматалиев кесиптештерин өз ара сүйлөшүп алууга чакырды. Ал коомчулук Парламенттин жыйынын ДОМ-2га салыштырып жатканын айтты.
Кайрылууну туура эмес түшүнүп алган депутат Шайлообек Атазов Маматалиевге карата жооп узатты.


Мындан кийинки өкмөттүн өкүлдөрү менен депутаттардын пикир келишпестиги Бишкек шаарын түтүн каптап кеткендигинен келип чыкты. Аны жоюуда алгылыктуу иш алып барылбай жатканын бир катар эл өкүлдөрү сындады. Алардын катарында Элмурза Сатыбалдиев болуп, Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров экөө кайым айтышты.


Жакында эле, 15-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев министр айымга орус тидинде баяндама жасоого уруксат бербей, кыргыз тилинде айтууну талап кылды. Баарынан кызыгы министрдин төраганын суроосуна берген жообу болду.


Эми кадрдык саясаттагы чырлар тууралуу кеп кылсак. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ушул жылдын 2-июнуда «коррупцияга» айыпталып камакка алынып, 16-июнда кайра үй камагына чыгарылган. Башкы прокуратура ага чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд. 581 млн. 474 миң сомго вакцина сатылып алынышынан улам айып койгон жана Бейшеналиевге жалпысынан жети кылмыш ишин козголгонун билдирген. Андан кийин Бейшеналиев менен башкы прокурор Курманкул Зулушевдин ортосунда тиреш күчөп, президент бул жагдайды иликтөө үчүн коммиссия түзүп, атка минерди кызматтан убактылуу четтеткен болчу. Анткен менен 16-июнда Курманкул Зулушев кайра өз милдетин аткарууга киришкен. Арадан 2 ай убакыт өткөн соң, 16-августта Бейшеналиевге вакцинага байланыштуу козголгон кылмыш иши токтотулганы белгилүү болду. Ички иштер министрлиги кылмыштын курамы жок болгондуктан ушундай чечим чыгарганы белгиленген. Анын эртеси 17-августта Саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтетилген Алымкадыр Бейшеналиев кайра өз иш ордуна барууга даяр экенин билдиргени менен кызматына кайтууга президент тарабынан уруксат берилген жок.


Бул жылдын сентябрь айында пара алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кармалды. Маалыматка ылайык, Алмазбек Бейшеналиев чет элдик студенттерди ата мекендик ЖОЖдорго тапшырууда өзгөчө ири өлчөмдө 110 миң доллар пара талап кылуу фактысы боюнча кармалган.


Өтүп бараткан жылдын май айында «Коррупция» беренеси менен кармалып, кайра тез эле үй камагына чыккан «Дастан» трансулуттук корпорациясы ачык акционердик коомунун мурдагы башчысы Алексей Ширшовдун түнкү Бишкекти бир нече унаанын коштоосунда кыдырганы коомчулукта талкуу жараткан.


Сентябрь айында Башкы прокуратура энергетика министри Доскул Бекмурзаевге «кызмат абалынан кыянат пайдаланууга» байланыштуу эки кылмыш иши козголгонун билдирген. Анда «2021-2022-жылдары тийиштүү тармакта адис эмес кызматкерлерди мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмираттарына, Түркияга, Өзбекстанга жана Орусияга иш сапарларга негизсиз жөнөтүп, натыйжада мамлекетке олутуу материалдык зыян келтирилген. Мындан сырткары министр Бекмурзаев кызмат абалынан кыянат пайдаланып, «Теплые ключи” саламаттыкты чындоо комплексинин объекттерин оңдоодо жалпысынан 15 миллион сомдон ашык зыян келтирген», — деп айып тагылган. Көп өтпөй Доскул Бекмурзаев ээлеген кызматынан бошотулду.


2022-жыл жалпылап алганда президент үчүн саякат, кадрдык саясатта башаламандык, ал эми активисттер жана депутаттар үчүн тирешүү жылындай болуп калгандыгы менен эсте калды. Келээрки жылы жалаң жакшы жаңылыктар жөнүндө кеп кылалы! Жаңы жылыңыздар менен!!!

Количество просмотров: 201