• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жыл жыйынтыгы: Бөгөттөлгөн «Азаттык», мекенинен айдалган журналист. Сөз эркиндигине басым күчөдү

29 Бештин айы 2022 11:45 Бишкек Govori.TV

«Фридом Хаус» уюму сөз эркиндиги боюнча Кыргызстанды толук эркин эмес өлкөлөрдүн катарына кошуп, мунун белгилери катары бийликтин бир колго топтолушу, парламенттин ролунун азайышы, УКМКнын ашкере өскөн ролу жана сынчыл пикирлердин кысымга алынышы көрсөтүлөт. Ал эми жыл ичинде болгон ар кыл окуялардан улам бир катар эл аралык көз салуучу бирикмелер өлкөдөгү сөз эркиндигине болгон тынчсыздануусун жолдоп жатышты.

Жыл башы, тагыраагы 22-январда кечке маал иликтөөчү журналист Болот Темировдун кеңсесине күч органдары бастырып кирип, чөнтөгүнөн баңги затын таап алып кеткени, ошондой эле Темировдун командасындагы төкмө акын Болот Назаровдун милицияга жеткирилгени коомчулукту таң кылды.

Жообунан суроолору көп болгон бул кармоо операциясы “маски шоу” деп аталды. Ал эми күч түзүмдөрү келип түшкөн арыздын негизинде иш алып барышканын, мыйзам чегинен чыгышпаганын айтып жатышса, Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Ташиев жогорудагы окуядан соң маалымат жыйын берип, бул иште катыштыгы жок экенин жар салды.

Алгач баңгиликке айыпталып кармалып кайра элдин талабы менен кое берилген журналист Темировго бир нече кылмыш иши ачылды. Алардын арасында документ жасалмалоо, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү беренелери бар. Ал эми коомчулукту нааразы кылган дагы бир жагдай “куугунтук” Темировдун командасынын мүчөлөрүнө да болгону болду.

Темировго козголгон кылмыш иштери бир нече ай териштирилип, Свердлов соту журналистти жарым жартылай актаган чечим чыгарды. Бирок көп өтпөй прокуратуранын арызы менен Темировго карата чыккан райондук соттун чечими өзгөртүлүп, Бишкек шаардык сотунан түз эле аэропортко алып барылып, Орусияга учакка олтургузулду.

Ал эми Темировдун командасындагы төкмө акын Болот Назаров учурда ат уурдоого шектелип камакта олтурат.

Социалдык тармактагы баракчасына бөлүшкөн билдирүү үчүн 18-февралда журналист Семетей Талас уулун күч кызматкерлери үйүн тинтип, өзүн кармап кетишкен. УКМКнын маалыматы боюнча журналист «Экстремисттик материалдарды жайылтуу» беренеси менен козголгон иште күбө катары суралган.

Алгач күбө катары суракка чакыртылган Талас уулунун бул иши кайрадан ноябрь айында эске түштү. Бирок бул жолу журналист айыпталуучу катары камакка алынды, 48 саатка камалган Талас уулун Биринчи май соту үй камагына алды.

Ал  эми NEXT телеканалынын директору Таалай Дүйшембиев «улуттар аралык кастыкты козутуу» беренеси менен камакка алынса, телеканалдын иши токтотулган. Иш УКМК тарабынан ачылган.  Буга каналдын соцтармактагы баракчасына чыккан маалымат себеп болду.

NEXT телеканалынын ээси Равшан Жээнбеков кылмыш иши негизсиз козголгонун айтып, канал маалыматты кайсы бир булакка шилтеме берүү менен тарата турганын билдирди.

6 айдан ашык камакта жаткан Дүйшембиевди сот күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробациялык жаза мөөнөтүн чегерген чечим чыгарды.

Ал эми NEXT телеканалынын штаттан тышкаркы кабарчысы жана блогер Адилет Балтабай соцтармактагы билдирүүлөрү үчүн кармалды. Тергөө активисттин билдирүлөрүндө «мыйзамдын талаптарына баш ийбөөгө чакыруу, калайман нааразылык акцияларына чыгууга үндөөнүн белгилери бар» экенин маалымдаган. Белгилей кетсек, блогер активист катары бийликти сынга алып келген. Ошондой эле казино ачууга жол берген мыйзамга каршы акцияларды уюштурган.

30-июнда камакка алынган Адилет Балтабай 11-ноябрда райондук соттун чечими менен күнөөлүү деп табылып беш жылга эркинен ажыратылды. Ошол эле учурда үч жылдык пробациялык көзөмөл чечими кабыл алынып, активист сот залынан бошотулду.

Бул арада 19 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиев фейсбуктагы баракчага бөлүшүлгөн билдирүү үчүн кармалды. Жаш активистке кылмыш ишинин ачылуусуна Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону өзү администратор болгон  “Полит узник” баракчага жайгаштырганы негиз болгон. Эки айдан ашык абакта жаткан Жекшеналиевди шаардык сот үй камагына чыгарган.

Ал эми “Кактус Медиада” жарыяланган макала боюнча “Согушту пропагандалоо” беренеси менен иш козголуп, анын кызматкерлери суракка алынды.

А түгүл аталган агенттигин жабуу талабы айтылган митинг да өттү. Чогулгандар “Кактус Медиа” кыргыз-тажик куралдуу кагылышуусунда экинчи тарапты жактаган маалымат чыгарган деп айыпташкан болчу.

Кайсы бир маалымат каражатын жабуу талабы айтылган митинг жыл аралыганда бир нече жолу болду, бул жолу чогулгандар “Кактус” эле эмес “Азаттык”, «24.kg”,“Клооп” басылмаларын да жабууну талапбын коюшту. Кээ бир ЖМК менен журналисттерге “чет элдик агент” макамын берүү сунушталса, митингдин айрым катышуучулары тартип сакчыларынын катышуусунда эле көркутуп-уркүтүүгө өтүштү.

“Чет элдик агент” демекчи,  мындай наам ыйгаруу бул жылы кайрадан депутаттар тарабынан да сунушталды. Буга чейин бул мыйзамды ЖКнын 5-чакырылышынын Турсунбай Бакир уулу баштаган бир нече депутаты сунуш кылган. Ал эми бул жолу мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова сунуш кылып, анда “агент” деген сөз “өкүл” дегенге алмаштырылган.

Орусиядан көчүрүлүп алынган делген Надира Нарматованын “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамы боюнча укук коргоочулар, юристтер, жарандык коомдун өкүлдөрү бир катар эле сын кептерин айтып келишкен. Ал эми депутат өзү чырлуу демилгесин өлкөнүн коопсуздугу коркунучта экенин айтып түшүндүрүп келет. Бирок, ошол эле учурда депутат бейөкмөт уюмдардын өлкөдөгү башка ишмердүүлүктөрүнө каршы эмес.

Өлкөдөгү бир катар ММКларды жабуу сунушу кайрадан күн тартибинин башына чыгып, бул жолу депутат Нарматова кесиптештеринен маалымат каражаттарын жабууга кол топтоп жатканы айтылды.

Ал эми депутат Жанар Акаев ММКлар жабылсын деген кайрылууга кандай жагдайда кол коюлуп калганын божомолдоду.

Бул арада Садыр Жапаровго жолдонгон кайрылуу жарык көрдү. Анда Kloop, Azattyk жана Kaktus.media сайттарын жабуу боюнча талап айтылып, катка ондогон саясий, маданий, коомдук ишмерлер, эл артисттери, экс-депутаттар жана экс-чиновниктердин колу коюлган. Кызык жагдай, булардын арасынан жарыяланган кайрылууга кол койгон эмесмин дегендер да болду. Ал эми айрымдар аталган медиаларга таарынычтары бар экенин жашырышкан эмес.

Бул жылы чуулгандуу Гүлшат Асылбаеванын фейк мыйзамы Азаттык сайтынын 2 айга жабылуусуна алып келди. Ага чейин ушул эле мыйзамдын негизинде 24.kg сайты да бөгөтөлүп кала жаздаган. Белгилей кетсек, чуулгандуу мыйзам бийликке эч бир соттун чечимисиз эле маалымат каражатын бөгөттөп салууга мүмкүндүк берген болчу.

Мындан улам өлкөнүн көз каранысын медиалары биригип, “жаңылык жок, ММКга басым бар” аттуу акция уюштурушкан.

Муну менен катар соцтармакта чет мамлекеттердин коомчулуктарына Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалын жеткирүү максатында атайы акция уюштурулду. Маалымат өнөктүгүнө Грузия, Молдова, Украина, Казакстан, Литва жана башка өлкөлөрдөн журналисттер катышып, телекөпүрөө уюштурулду.

Жаңы Конституцияда сөз эркиндигин чектеген жоболор көбөйгөнү буга чейин эле жарандык коом тарабынан байма-бай айтылып келген. Бул жылы “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам кабыл алуу сунушталды. Бир катар кайчы кептерден жана талкуулардан соң президент Садыр Жапаровдун кол койгон тескемесине ылайык, бул мыйзам долбоорун толуктап  иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү. Ага бийлик өкүлдөрү жана көз карандысыз журналисттер кирди.

Үстүбүздөгү жылда сөз эркиндигине доо кетирген дагы бир жагдай катары Кемпир-Абад ишине байланыштуу журналист, блогер жана укук коргоочулардын жапырт кармалганы болду.

Ал эми Бишкек шаарында соттун чечими менен митинг, тынч жыйындарга салынган тыюу жарандык коомдун, жарандардын жеке пикирин басуу аркеттери деп бааланды.

Өлкө бийлиги Кыргызстанда сөз эркиндигини абалы эң жакшы деп эсептеп, кагылып жаткан коңгуроолорго кулак салуудан алыс болууда. Өлкө башчысы берген ар бир маегинде эч кандай кысым, басым болбогонун байма-бай белгилеп, ал эми иш козголгондордун жагдайына тиешеси жоктугун айтып, кийлигише да албасын билдирип келет.

Жалпылап айтканда узап жаткан 2022-жылы сөз эркиндиге басым, кысым болуп жатканы көп айтылды. Айрымдар бул жылы айтылган же соцтармакка жазылган билдирүүсү үчүн күч органдарына сурак берген учурлар адаттагыдан арбын болгонун белгилешүүдө. Ошентип бул жылды мекенинен, эркиндигинен айрылган журналист, блогер, активисттердин мындан аркы тагдыры кандай болот? жана эмки кезекте ким? деген суроо менен жыйынтыктап жатабыз…

Количество просмотров: 543