Акыркы убакта Бишкектин тургундары социалдык сайттарда шаарда жылан пайда болду деп, ар кай жерден тартылган сүрөттөрдү жарыялоодо.
Чочулаган жарандардан кайрылуулар көп боло баштаганына байланыштуу шаар мэриясы өзгөчө кырдаалдар кызматынын астында 161 номуру иштеп баштаганын билдирген.
Анда кайсы бир жаран жашаган жеринен жылан көрүп калса, аталган номурга чалыш керектигин жана ал жакка тажрыйбалуу куткаруучулар келерин айткан.