• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Жылдырылган шайлоого 15 партия катышуу ниетин билдирүүгө жетишкен

22 Тогуздун айы 2020 19:49 Бишкек Govori.TV

БШКга кайрадан шайлоого катышуу ниетин 15 партия билдирген. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти.

Белгилей кетсек, бүгүн, 22-октябрда Жогорку Кеңеш парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдырууга макулдук берди. Депутаттар «КР президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорун үч окууда карап, тиешелүү токтом долбоору кабыл алынды.

Парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу конституциялык реформаны жүргүзүү маселеси менен байланыштуу болууда.

Эскерте кетсек кечээ, 21-октябрь күнү БШК парламенттик шайлоону 20-декабрга белгилеген.

Количество просмотров: 205