• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Жылдыз Жолдошева электр энергиясы боюнча Жапаровго сунуш берди

23 Чын куран 2021 19:03 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жылдызкан Жолдошева Govori.TV агенттигинин «Майдан» дебатында сүйлөп жатып, президент Садыр Жапаровго электр энергиясы боюнча өз сунушун берди.

Анын айтымында, электр энергиясын үнөмдөө максатында газга көңүл буруу, аны өлкөнүн аймактарын чейин жеткирүү аракетин көрүү керек.

«Мен мурунда бийликке айттым эле, Кытайдан ЖЭБди оңдоого акча келгенде. Бизде Жалда бар, жакшынакай ЖЭБ бүтпөй турат, ошону бүтүрүш керек, жылуулук ошол жактан келиш керек. Жердин алды менен баардык жогорку чыңалуудагы линиялар кетирип ошолорду оңдош керексиңер. Ал эми бул ЖЭБ болгону электр энергия гана иштеп чыгышы керек. Мына газды бир долларга саттык ээ, ошого да көңүл буруу керек. Мына ошондо электр энергия азыраак колдонулуп, мындай айтканда күч азыраак келип калат. Себеби, биз мына биздин үй бүлө газ менен жылынабыз, себеби ал арзан. Андыктан газды жер-жерлерге жеткирүү керек», — деди Жолдошева.

Количество просмотров: 228