• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жылуулук системасы жарылып, бир аял каза болду

18 Үчтүн айы 2023 14:58 Бишкек Govori.TV

Таластын Бакай-Ата районуна караштуу Көк-Таш айылында 17-январь күнү буу менен жылытуу системасы жарылып, 33 жаштагы аял каза болду.

Маалыматка ылайык, келин жарылуудан кийин ооруканага жеткирилип, ошол жактан көз жумган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандардан мештерди, ошондой эле жылытуучу шаймандарды иштетүүдө коопсуздук чараларын сактоону суранат.

«Жарандар буу менен жылытууну колдонсо, моруларды убагында тазалап турушу керек. Мындан тышкары, мештен күлдү өз убагында чыгарып, кеңейтүүчү резервуарды көзөмөлдөп туруу зарыл», — деп белгилешти ведомстводон.

Количество просмотров: 3477