• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Зилалиев кайсы “БОМБАны” айткан?

14 Бештин айы 2017 13:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.12.2017.Govori.TV. Динар Турдугулова

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевге кылмыш иши козголду деген маалымат чындыкка коошпойт. Бул тууралуу аталган фонддун маалымат-катчысы Махабат Мансурова билдирди.

Айтымында, Зилалиев 24-ноябрь күнү алгачкы иш күнүндөгү окуя тууралуу көрсөтмө берүү үчүн тиешелүү органдарга чакырылган.

Белгилей кетсек, буга чейин интернет булактарында Зилалиев курсант кызга “девушка, вы просто бомба” деп айтканы тууралуу маалымат жазылган.

УКМКнын маалыматында «ИИМ Академиясынын курсантынын айтымы боюнча, жардыруучу зат тууралуу маалыматты Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев айткан» деп жазылган. Бирок, Зилалиев кадимки жардыруучу каражат тууралуу эмес, курсант кыздын формасына сын айтканын, ал кыз туура эмес угуп алган же, таарынып, мага жалаа жаап жатат деп билдирген.

Мындан тышкары, ага карата машина тууралуу да талкуу жүрүп жатат. Эки учур тууралуу өзүнөн маалымат алууга мүмкүн болбоду.

Айта кетсек, Зилалиев ушу тапта президент Сооронбай Жээнбеков менен Өзбекстан мамлекетинде иш-сапарда жүрөт. Мекеменин маалымат-катчысы Зилалиевдин окуясы тууралуу түшүндүрмө берди. “Талкууга түшкөн 1532 ВК мамлекеттик номерлүү “Лексус” үлгүсүндөгү машинаны Зилалиевдин жардамчысы убактылуу пайдалануу максатында досунан алып, айдоочунун милдетин аткарган. Төрага ал унаанын Кытай компаниясына таандык экенин билген эмес. Жардамчыга кызматтык жаза берилди», — деп билдирди ММБФнун маалымат-катчысы Махабат Мансурова.

Количество просмотров: 6