• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Зиядин Жамалдинов: Казакстан менен сүйлөшүү ушунчалык кыйын болуп жатабы? 

30 Чын куран 2020 14:15 Бишкек Govori.TV

Орусия менен Казакстандын ортосунда калган кыргызстандык мигранттардын маселеси бүгүнкү күнгө чейин чечилбей жатат. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов билдирди.

«Кайрылуулар түшүп жатат, алар 15-20 күндөн бери унаада түнөп жатканын айтышты. Казакстан менен сүйлөшүү ушунчалык кыйын болуп жатабы?», — деди депутат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев учурда эки өлкөнүн элчиликтери сүйлөшүү жүргүзүп жатканын билдирип, бул маселе 1-2 күндө чечиле турганын айтты.

«Ал жерде бир гана талап болуп жатат. Унаанысын таштап койсо деген. Себеби 67 унаа бар экен. Автобустар жана медиктердин коштоосунда алып кетсеңер туура болот эле деп жатышат. Дагы сүйлөшөбүз, убакыт керек», — деди өкмөт башчы.

Количество просмотров: 147