Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин билдирүүсүнө караганда, аз мурда зордуктоого туш болгон тогуз жаштагы кыз Бишкекте медициналык кароодон өтүп жатат. Бул окуя министрдин жеке көзөмөлүнө алынды.
Министрликтин кабары боюнча, аймактык социалдык башкармалыктын кызматкерлери кызды жана анын үй-бүлөсүн бардык экспертизалардан өтүүдө жана тергөөнүн бардык этаптарында коштоп жүрүшөт.
Кызга психологиялык, медициналык жана юридикалык жардам берилип жатат.
Ошондой эле башкармалык тарабынан жардамдын бардык түрлөрүн камтыган жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө боюнча персоналдык план түзүлүп, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы Балдар иштери боюнча комиссиянын кароосуна сунушталган.