• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Зордуктоого шектелген аскер кызматкерлери эки айга камалды

13 Аяк оона 2022 10:13 Бишкек Govori.TV

 Бишкекте кызды зордуктоого шектелген Улуттук гвардиянын эки аскер кызматкери эки айга камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кармалган А.Т.Б жана У.А.У. аттуу аскер кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Биринчи май райондук соту тарабынан шектүүлөргө 11-ноябрга чейин Бишкек горнизонунун гауптвахтасында камоо боюнча баш коргоо чарасы тандалды. Алар тергөө аяктаганга чейин камакта болот.

Эске салсак, Аскер прокуратурасы тарабынан Улуттук гвардиянын эки аскери кызды зордуктоого шектелип кармалган.

Количество просмотров: 84