“Ал ким экен, партиядан ким чыгып, ким кирээрин ошол чечет имишпи? Сунушун фракцияга киргизсин, биз карап көрөбүз”, — деп ачууланды Джураев
“Мени партияга кир деп эч ким зордогон эмес. Мен өз каалоом менен келгем жана кеткенде да өз каалоом менен кетем. Ал эми анын сөздөрү болсо өзүнүн көйгөйү. Менин азыр кетейин деген ниетим жок. Бул туура эмес сунуш. ооба, партияда пикир келишпестик болуп жатат, бирок ал үчүн биз партиядан кете албайбыз да. Кимдир бирөө менен иштеше албайм деп партиядан кетип калуу туура эмес”,-деген оюн айтты Айнакулов.
“Мен анын демилгесин уккан жокмун, эгерде менин жеке өзүмө кайрылса жообун бермекмин”, — дейт Зулпукаров.
“Партия анын жеке фирмасы же үйү эмес, ал мында сунуш киргизгенге да бирөөнү кууп чыкканга да акысы жок. Ал деле бизге окшогон саясий бирикменин мүчөсү. Менин оюмча ал бул нерсени ойлонбой эле айтып салды көрүнөт. Анткени анын өз пикири деле жок. Мен ага таң калбайм деле. Анын айткандырана көптөн бери эле көңүл бөлбөйм”,-деп билдирди Зулпукаров.