• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Качкын президент Бакиевдин үйү түрттүрүлүп, ордуна жаңы курулуш башталды

13 Кулжа 2022 16:45 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган Курманбек Бакиевдин Бишкектеги үйү бузулуп, ордуна ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын реабилитациялык борбору салынат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

«Жылдын аягына чейин курулуш иштерин бүтүрүп, балдарды дарылоого даяр болобуз. Борбор бир эле учурда 100гө чейин баланы кабыл ала алат»,-деди ал.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасынын орун басары Медер Машиев билдиргендей, Жибек-Жолу №519 жана №521 дарегинде жайгашкан Бакиевдин эки үйү 2010-жылдан кийин Социалдык өнүктүрүү министрлигинин балансына өткөн. Бүгүнкү күндө жаңы курулуш иштери башталды.

«№521 дарегинде жайгашкан курулуш 2015-жылы мамлекетке өткөн. №519 дарегиндеги үй 2018-жылы мамлекеттин карамагына өткөн. Экөө тең Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин балансына берилген. Өткөн аптада буйруктун негизинде президенттин иш башкармалыгынын карамагына өттү»,-деди Медер Машиев.

Буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров жергиликтүү ЖМКлардын бирине берген маегинде мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Бишкектеги үйү ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар борбору болорун айтканы бар. Жапаров буга окшогон жайлар Кыргызстанда жетишсиз экенин, ушундан улам жогорудагыдай чечим кабыл алынганын билдирген.

Жапаров кошумчалагандай, аталган объекттер ал бийликке келгенге чейин эле мамлекетке өткөрүлгөн.

Количество просмотров: 4821