• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Зулпукаров: КСДПнын бизге жасаган мамилеси өгөйдөй болуп калды

31 Тогуздун айы 2019 19:27 Бишкек Govori.TV

КСДПнын бизге жасаган мамилеси өгөйдөй болуп калды. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров билдирди.

КСДП партиясы бүгүнкү күндө экиге бөлүнгөн. Убагында аталган партиянын саясий мүчөсү болгом. Акыркы күндөрү КСДП партиясы саясий кеңешке чакырбай, бизге жасаган мамилеси өгөйдөй болуп калды. Азырынча шайлоого кайсы партия менен баруу керектигин ойлоно элекпиз. Команда менен биргеликте кеңешип, чечим чыгарабыз. Буюрса алдыда келечек көрсөтөт,-деп кошумчалады депутат Зулпукаров.

Эске салсак, буга чейин мурдагы депутат Карганбек Самаков негиздеген “Биримдик” партиясы азыркы бийликтин партиясы катары 2020-жылдагы шайлоого барат жана шайлоо штабынын жекетчиси катары Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров дайындалат деген маалыматтар айтылган болчу.

Количество просмотров: 116