Бүгүн, 12-февралда парламент жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди каралоо аракети жүрүп жатканын билдирди.
“Президенттин да, Камчыбек Кыдыршаевичтин да жөндөмүн, аракетин, пейилин, мамлекетчил экенин жакшы билебиз. Камчыбек Кыдыршаевич өзүн, үй-бүлөсүн, өмүрүн тобокелдикке салып мамлекет үчүн иш кылды. Бирок азыр мамлекеттик кызматкерлер, саясатчылар убакыттан пайдаланып ал кишиге жаман сөз айтуудан өйдө болушубуз керек”, – деди ал.
Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин 12-февралдагы жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы кызматынан кетти.