• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Зулушев: Асылбек Жээнбековго карата кылмыш иши козголгон эмес

4 Жетинин айы 2020 13:04 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйын өткөрүп, бир катар суроолорго жооп берди.

Буга чейин мурунку президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы Асылбек Жээнбековго карата кылмыш иши козголгон тууралуу маалымат тараган. Журналисттер Зулушевден бул тууралуу маалыматты аныктап коюу тууралуу суроо узатылды.

Ал эми Башкы прокурор Жээнбеков го карата кылмыш иши козголбогонун айтты.

«Кылмыш иши тууралуу маалыматым жок. Бирок ага карата кылмыш иши козголгон эмес», — деди ал.

Эске салсак, буга чейин башаламандык учурунда өзүн Башкы прокурор кылган Сыймык Жапыкеев Асылбек Жээнбековго карата кылмыш иши козголгонун айтканы тууралуу маалыматтар тараган.

Количество просмотров: 151