• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Зулушев «депутаттар мыйзам жазбаш керек» деген сөзүнө түшүндүрмө берди

17 Тогуздун айы 2019 16:25 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев «депутаттардын мыйзам жазуу регламентин өзгөртүш керек»деген сөзүнө түшүндүрмө берди. Анын айтымында, мыйзамды өкмөт, тийиштүү органдар, жарандар жазып, парламент аларды кылдат иликтеп кабыл алып гана бериши керек.

Учурда Жогорку Кеңеш айрым долбоорлорду жакшылап талкуулаганга үлгүрбөй кабыл алып, мыйзамдар ошондон улам чала болуп калып жатат,-деп кошумчалады эл өкүлү.

Количество просмотров: 235