• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Зулушев: Үгүт учурунда кандайдыр бир админресурс байкалса, ким экендигине карабай жазаланат

10 Бештин айы 202014:51 Бишкек Govori.TV

Үгүт учурунда кандайдыр бир админресурс байкалса, ким экендигине карабай  жазаланат. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда  Укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы координациялык кеңешменин жыйынында Башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Анын айтымында, Садыр Жапаров жана Адахан Мадумаров президенттик шайлоо алдында фаворит.

«Башка ысымдар атабай турайын. Үгүт кампаниясы учурунда бардык мыйзамдарды сактоого чакырам. Эгер үгүт учурунда кандайдыр бир админресурс байкалса ким экендигине карабай  жазаланат. Мамлекеттик кызматкерлерди жана мугалимдерди кампанияга  аралаштырбоо керек»,- деди Зулушев. 

Количество просмотров: 148