Мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенттигинен кетти.
Маалыматка ылайык, анын ордуна Айбек Абылкасымовдун талапкерлиги сунушталды.
Федерациянын уставына ылайык, биринчи вице-президент Нурлан Максүтов 17-июлга чейин Көк бөрү федерациясынын президентинин милдетин аткаруучу болуп турат.