• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Зулушев: Кылмыштуулук 2021-жылга салыштырмалуу 19,4 пайызга өскөн

31 Үчтүн айы 2023 11:16 Бишкек Govori.TV

2022-жылы өлкө аймагында 45 миң 96 кылмыш иши катталган. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 4 миң 997 иш оор жана өзгөчө оор категориясына кирет.

“Жасалган кылмыштардын 42 пайызынын бети ачылган. Жалпысынан алганда кылмыштуулук 2021-жылга салыштырмалуу 19,4 пайызга же 7 миң 312 кылмышка өскөн. Кылмыштуулуктун өсүшүн кылмыштарды каттоо тартиби жана прокурордук көзөмөлдүн күчөтүлгөндүгү менен түшүндүрсө болот. Мындай көзөмөлдүн негизинде жасалган кылмыштарды укук коргоо органдары тарабынан жаап-жашыруу фактылары жокко чыгарылууда”, — дейт ал.

Зулушев кошумчалагандай, тергөө органдары тарабынан 34 миң 994 кылмыш иши боюнча тергөө аяктап, 10 миң 481 иш соттук кароого жиберилген.

“Ал эми 24 миң 515 кылмыш иш өндүрүштөн кыскартылган. Соттор тарабынан 65 иш тергөөнүн мүчүлүштүгүн жоюу үчүн кайра тергөөгө жиберилген. Бүгүнкү күндө тергөө органдарынын ишин көзөмөлдөө багытында прокурорлор тарабынан 6 миң 807 өндүрүштө мыйзамсыз кыскартылган жана 4 миң 855 өндүрүштө мыйзамсыз токтотулган кылмыш иштеринин токтому жокко чыгарылып, анын ичинен 589 кылмыш иштин тергөөсү аяктап, сотко жиберилди”, — деди ал.

Башкы прокурор тергөө органдарына 19 миң 735 жазуу түрүндө көрсөтмө берилип, укук коргоо органдарынын 771 кызматкерине карата тартиптик чара көрүлгөнүн белгиледи.

Количество просмотров: 66