• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Зулушев: Мадумаров кол койгон протокол боюнча юридикалык баа берилет

9 Бирдин айы 2022 12:20 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратура кыргыз-тажик чек арасына тиешелүү протокол боюнча суракка чакырылгандарга юридикалык баа берүү алдында турат. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда өткөн маалымат жыйында Башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

«2009-жылдагы кыргыз-тажик чек арасына тиешелүү протокол боюнча бир гана Адахан Мадумаров эмес, башкалар дагы күбө катары чакырылып жатат. Бүгүнкү күндө баары суралып, юридикалык баа берүү алдында турабыз», — деди Зулушев.

Эске салсак, Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров буга чейин аталган протокол боюнча прокуратурада биртнече жолк сурак берип чыккан.

Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу 14-январдан тарта күбө катары сурала баштаган.

Саясатчы 2009-жылы Ош — Баткен — Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Ошол кезде Мадумаров Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы болчу.

Депутат документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин кайталап, соңку окуяларды өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырган.

Количество просмотров: 230