• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Зулушев: Министр Бейшеналиевге тартиптик чара көрүү боюнча өкмөткө сунуш бердик

6 Чын куран 2022 17:49 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-апрелде Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңеште отчет берип жатат. Анда депутат Сеид Атамбаев саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен адвокат Нурбек Токтакуновдун айткан сөздөрүнө мыйзам боюнча бирдей мамиле жасалбай жатканына токтолду.

Ал эми Зулушев саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кыймыл-аракетине байланыштуу Министрлер кабинетинин төрагасына эки ирет сунуш бергенин айтты.

«Министрге чара көрүп жатабыз. Таластыктар боюнча айткан сөзү үчүн өзүнө эскертүү бердик. Ал эми ооруканага (Исманкуловдун клиникасына — ред.) барып алып сүйлөгөн сөздөрү, кызматтык этиканы бузганы боюнча министрлер кабинетине сунуш бердик. Андан кийин органдарга карата айтканы боюнча тартиптик чара көрүү боюнча да сунуш бердик. Кызматтагы адам сөзсүз түрдө этиканы сакташы керек. Бөлүп кароо жок. Бардыгына бирдей мамиле. Ал эми Токтакунов судьяга ошондой сөз айтып жатса, биз мамлекет болгондон кийин тартипти сакташыбыз керек да. Жактоочу үлгүлүү болуш керек», — дейт Зулушев.

Количество просмотров: 1258