• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Зулушев: Прокуратура каралоочу орган болбошу керек

5 Бирдин айы 2021 15:59 Бишкек Govori.TV

Башкы прокурор Курманкул Зулушев прокуратура каралоочу орган болуп калбашы керектигин билдирди. Бул тууралуу ал коллегиялык жыйында билдирди.

Зулушевдин айтымында, Жогорку сот тарабынан актоо өкүмдөрү күчүндө калтырылганда прокурордун жоопкерчилигин кароо боюнча көрүнүштү өзгөртүү керек.

«Бул багытта прокурорлор 3 негизги учурга тергөөнү көзөмөлдөөнүн сапатына көңүл бурууга, жазык иш боюнча айыптоо актысын бекитүүдө, көзөмөлдөөчү прокурор ишти тергөө башталгандан тартып, аяктаганга чейин карап, тергөө амалдары толук жүргүзүлүп, кылмышкердин аракеттерине туура баа берилгендигин аныктоого, мамлекеттик айыптоочу жарыш сөзгө чыгаарда даярданып, айыпкердин аракеттерин туура квалификациялоого өзгөчө көңүл буруусу зарыл. Ишке мындай берилип мамиле кылуу менен биз тергөөчүлөрдүн жана прокурорлордун кесипкөйлүгүн көтөрөбүз, иштерди көп убакытка создуктурууга чекит коёбуз. Эгерде айыпталуучу ак жеринен күнөөлөнүп жатса укугун коргойбуз. Анткени, биз каралоочу орган болуп калбашыбыз керек», — деди башкы прокурор.

Количество просмотров: 100