Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Ички иштер министри Улан Ниязбеков Таш-Көмүр шаарынын тургундары менен жолугушууда. Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
Жыйында, жарандар укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер, мыйзамсыз иш-аракеттер, коомчулукта орун алган көйгөйлөр боюнча суроолорду беришти. Аталган маселелер тууралуу кайрылуулар жеринде кабыл алынып, көйгөйлөрүн ыкчам чечүү максатында тийиштүү прокуратура органдарына тапшырмалар берилди. Жыйынга Таш-Көмүр шаарынын 500гө чукул тургуну катышууда.
Эске салсак, мамлекет башчы Садыр Жапаров Башкы прокурор менен ички иштер министрин жер-жерлерге чыгып, элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелеринен кабар алуу тапшырмасын койгон.