• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Зууракан Каденова: “Мамлекеттик кызматка барбайм” (Аудио)

25 Аяк оона 2018 11:13 Бишкек Govori.TV
Бишкек.25.09.2018.Govori.TV.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин мурдагы орун басары Зууракан Каденова мамлекеттик кызматка барбай тургандыгын Govori.TV сайтына ачыктады.
Ал өз сөзүндө башка көптөгөн долбоорлор менен жана илимий иштери менен алектенээрин айтты. Ошондой эле, министрдин орун басарлык кызмат ордунан алганы боюнча териштирүү иштерин жүргүзбөй тургандыгын жана сотко кайрылбасын кошумчалады.
“Мен бул иш боюнча териштирбейм. Мамлеттик кызматка барбай деле элге кызмат кылса болот. Өзүмдүн башка иштерим, долбоорлорум, аспиранттарым бар ошолор менен алектенем. Ал эми менин артымдан ар кандай пикир таратып жаткандарга жооп кайтарбайм. Эч кимге таарынбайм, каалагандай айта беришсин. Кылычбек менен Аидага таарынычым жок. Алар өз жумушарын кылып жатат”-деп кошумчалады.

 

Количество просмотров: 30