2024-жылдын апрель-май айларында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сугат мезгилине даярдалган мамлекеттик ирригациялык объектилер кыйроого учурады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, жалпысынан республика боюнча 33 ирригациялык объектиге залал келтирилип, зыяндын суммасы 13,6 млн сомго жеткен.
Белгиленгендей, учурда Суу ресурстары кызматынын карамагындагы түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан жеринде кыйроолорго учураган объектилерде биринчи кезектеги калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, сугат суу берүү жанданууда.