• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

03. 04. 2018. Күндүн ыргагы. Копшолгон коалициялык көпчүлүк… Тилден ташыркаган министр кызматын тапшырды. ТБЕАнын сыйын көргөндөрдү сыйпалап таппадык…

3 Чын куран 2018 19:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 03.04. 2018. Govori.TV

Бүгүн, КРнын президенти Сооронбай Жээнбеков  өз арызы менен кызматтан кетүүнү калаган Юстиция министри Уран Ахмедовду кызматынан кетирүү боюнча буйрукка кол койду. Ошону менен Сапар Исаковдун жаш өкмөтүндөгү колдун башы жетпеген жаш министрлердин ашы бирге азайды. Азырынча, анын ордуна ким келе турганы белгисиз. Бирок, бир жагынан алганда кызматына кызарып-татарып, Жогорку Кеңеште жыйын болгон сайын депутаттардын каарына калып отурбай Уран Ахмедовдун кетип калганы чоң эрдик. башкаларга да сабак болууга тийиш.

Эске сала кетсек, ал министр болгону Жогорку Кеңеште кыргыз тилин билбегени үчүн бир, мыйзамдарды так билбегени үчүн эки, айрым мыйзам долбоорлоруна министрлик тарабынан жаңылыштык менен  корутунду чыгарып бергени үчүн үч сын угуп, дайыма өзгө министрлердин ортосунда өзүн ыңгайсыз сезип жүрчү…

Кубаныч Кумашовдун “коррупциясы”

Таң эрте дагы бир бүйүр кызыткан жаңылык-КРнын Салык кызматынын төрагасынын бакандай орун басары, Кубанычбек Кумашовдун үстүнөн кылмыш иши козголуп, УКМК тарабынан кармалганы болду.  Көрсө, ал кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, ортодогу ортомчулар менен бирге «Интеррустрейд» жана «Полларис» ишканаларына кошумча нарк салыгын кайтарып берүү боюнча  мыйзамсыз иштерге барып жүргөнү ачыкталыптыр.

Ооба, буга чейин эле салык кызматындагы бир топ кызматкерлерге 800 млн. сомдон ашык каражатты бюджетке түшүрбөй, сол чөнтөккө солоп жибергени үчүн кылмыш иши ачылган. Ошол боюнча тергөөдө бул мамлекеттик масштаптагы ири коррупциялык кампанияга төрага орун басары Кубанычбек Кумашовдун түз тиешеси бардыгы ачыкталыптыр.

Албетте, бул жагынан алганда Президент Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук Кеңешинеги коррупцияга каршы чыныгы күрөштү баштоо боюнча кабыл алган чечими кыйшаюсуз аткарылып жаткандай таасир калтырат. Ушундай жол менен баардык мамлекеттик структураларда тазалоо жүрүп, айрыкча, каржы, салык, бажы жана транспорт тармактарындагы ар бир тыйындын эсеби суралса коррупционерлердин бүйлөлөрү бүлкүлдөп, өөздөрү эле билдирип коюшу мүмкүн болуп турат…

Албек мырза, адамдар тумчугууда!

Ленин райондук соту тыйуу салып, аны шаардык сот туура деп тапканына карабай, бүгүн Бишкек мэриясынын алдында “Биз тумчугуп жатабыз!” аталышындагы флешмоб-акция болуп өттү. Ага катышкан активисттер бир ооздон Бишкекти эзелки жашыл шаар деген статусуна кайтарып келүү керектигин, шаардын көркү гана эмес абанын тазарып, жашоочулардын сергек жашоосуна өз өбөлгөсүн түзгөн бак-дарактарды кыркууну Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдон талап кылышты.

Алар бул жашыл аймактарды азайтуунун артында ири корруциялык схемаалар иштеп жатканын, жашыл аянттардын ордуна кирешелүү соода жайлары, жалаң олигархтар жашай турган элиттик үйлөр курулуп жатканын белгилешти. Ошондой эле бул боюнча укуктук чара көрүп, кылмыш ишин ачууну жана шаар башчысын кызматтан алуу боюнча өтүнүч катты, жүйөлөрү менен кошо Башпрокуратура менен УКМКга жолдой турган болушту.

Бирок, “унчукпаганы баш ийгени” дегендей, шаар тургундарынын орчундуу талаптарына шаардык кеңештин бир дагы депутаты же шаар бийлигинин өкүлү чыгып жооп бергенге жараган жок. Терезенин артында гана мыйыгынан күлүп отурушкан сыяктуу.

ТБЕАнын сыйын көргөндөрдү сыйпалап таппай…

Жогорку Кеңештеги Бишкек ЖЭБнин араиясын иликтеген депутаттык комиссия бүгүн 2013-жылы кытайлык ТБЕА компаниясынын эсебинен Кытайдагы бул компаниянын ишмердиги менен таанышып, алты күн ал жакта сый көргөн ЖКнын мурдагы чакырылышынын депутаттарын жыйынга чакырган экен. Бирок, саясатчы, экс-депутат Эркин Алымбековдон башкасы тирүү туруп, ал тургай учурда ЖКда депутат болуп отуруп, 7-кабаттагы жыйынга келбей коюшту.

Айталы, 386 млн. АКШ долларына Бишкек ТЭЦине болгону эки буу казанды салып берген ТБЕА компаниясына кадырлуу конок болуп, Чыныбай Турсунбеков (КСДПнын ал кездеги лидери — делегаттардын топ башы),  КСДПчылар Мурадил Мадеминов, Токтогул Туманов, “Республика” фракциясынан Малик Осмонов, Абдулатип Режевалиев, Исхак Пирматов, “Атамекен” фракциясынан Карганбек Самаков, Райкан Төлөгөнов, “Ата-Журттан” Азамат Арапбаев, Абдумиталип Кочкорбаев, “Ар-Намыс” фракциясынан Бактыгул Маматов, эркин депутат Равшан Жээнбековдор барган экен.  Бирок, булардын бири дагы жыйынга басып келип, ТБЕА боюнча көргө-билгендерин айтып коюуга жарашкан жок. Жалгыз эле аталган компаниянын адвокатындай элес калтырып,азыркы депутат, андагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев кытайлык компаниянын эсеби менен барып, тамак-аш ичип, мейманканада жайланышып жакшы өргүп келишкенин, ТБЕА трансформаторлорду чыгарып, буу казандарды салып, көмүр казуу боюнча чоң компания экенин өз көзү менен көргөнүн мурдагыдай эле зор ырахаттануу менен баян этти.

Төраганын бир тууганы Талас ИИМин жетектейт

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун иниси Алмазбек Жумабеков Талас облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул кабарды уккандар “туугандуу бийде ыйман жок дечү эле…” дегендей жакшы кабыл албай, айрымдары болсо Алмазбек Атамбаевдин кландык башкаруу боюнча акыркы күндөрү көп айтып жатканын эмнегедир эстеп турушту.

Бирок, бүгүн биздин маалымат агенттикке өздүк булактар жакын арада ЖКдагы коалициялык көпчүлүк тарап, Өкмөт жаңы куралаарын шардана кылышты. Демек, инисин абройлуу кызматка дайындап жаткандан кийин анда төрага да жылуу ордун башкаларга бошотушу мүмкүн деп жорусак болчудай.

Ал эми ушул материал даярдалып жаткан маалда парламенттеги «Республика-Атажурт»  фракциясын кезексиз жыйынга чогулуп, фракция лидери Руслан Казакбаевдин ордуна Жыргалбек Турускулов менен Курманкул Зулушевди дайындоо боюнча аракеттер болгону ачыкка чыкты. Бул дагы коалициялык көпчүлүктүн урашына байланыштуу болушу мүмкүн

 

Количество просмотров: 34