• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

1,5 миңден ашуун аял «Баатыр эне» жана «Эне даңкы» орден-медалдар менен сыйланат

15 Бугу 202013:10 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков республиканын көп балалуу энелерин «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйлоо жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Конституциянын 64-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча жети же андан көп баланы толук кандуу тарбиялаган 1014 аял «Баатыр эне» ордени, алты бала төрөгөн 519 аял «Эне даңкы» медалы менен сыйланат.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Количество просмотров: 105