Чүй облусунда дайынсыз болуп жаткан 19 жаштагы Жанарбек кызы Аселдин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бир айдан бери изделип жаткан келиндин жансыз денеси бүгүн, 18-мартта суудан табылган.
Эске салсак, Жанарбек кызы Асел 15-февралда саат 01:30 чамасында Кант шаарындагы Некрасов көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон кайтып барган эмес. Аталган факты каттоого алынып, издөө иштери башталган.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Чоң Чүй каналынын боюнан дайынсыз жоголгон кыздын курткасы, сланцысы жана уюлдук телефону табылган.