• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026
Screenshot

Беларустун тышкы иштер министри Кыргызстанга келди

22 Теке 202610:11 Бишкек Govori.TV

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен Беларустун тышкы иштер министри Максим Рыженков Кыргызстанга эки күндүк расмий сапары менен келди.

Министрликтин имаратынан Жээнбек Кулубаев Беларусь тышкы иштер министрин тосуп алды. 

Маалымдалгандай, расмий сапар негизинен Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин алдыдагы жыйынына даярдык көрүү максатында өтүүдө. Тараптар ШКУ алкагындагы кызматташтык, жыйындын күн тартибиндеги маселелер жана көп тараптуу өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашмакчы.

Эскерте кетсек, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйыны 24-июлда өтөт.

Количество просмотров: 19