• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол жолу селден тазаланып, каттам ачылды

22 Теке 202611:14 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун Конкино айылынын тушунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жабыркаган тилкеси калыбына келтирилип, жол эки тараптуу ачылды.

ӨКМдин облустук башкармалыгынын маалыматына ылайык, 22-июлга караган түнү саат 03:50 чамасында жааган нөшөрдөн улам арыктарга суу батпай, жолдун 207-208-чакырымдарынын ортосундагы болжол менен 10 метр тилкени суу жууп кеткен.

«Окуя болгон жерге Жети-Өгүз райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу барып, алгач жол убактылуу ачылып, унаалар кезектешип өткөрүлгөн», — деп айтылат маалыматта.

Кийинчерек жолду калыбына келтирүү иштерине бир экскаватор, бир жүктөгүч жана бир самосвал тартылып, бүгүн саат 10:00гө карата жабыркаган тилке толук калыбына келтирилди.

Учурда унаалар эки тараптуу тоскоолдуксуз каттоодо.

Количество просмотров: 15