Бишкек.30.05.2019.Govori.TV.
1-июндан 5-июнга чейин өлкөдө туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалым болгондой, Кыргызстандын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, 2-3-июнда көпчүлүк аймактарда, 4-5-июнда кээ бир райондордо жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-2-июнда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.