• Шейшемби 28 Теке 2026
  • Вторник 28 Июль 2026

Жеңилдетилген баада дизелдик отун менен камсыздоо иштери жүргүзүлүүдө

28 Теке 202610:53 Бишкек Govori.TV

 Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 18-июнундагы № 500-р тескемесине ылайык, айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн мамлекеттик колдоо максатында жеңилдетилген баада дизелдик отун менен камсыздоо иштери жүргүзүлүүдө.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, аталган тескемеге ылайык, республика боюнча жалпы 7 миллион литр дизелдик отун 1 литри 81 сомдон бөлүнгөн.

2026-жылдын 23-июлуна карата республика боюнча 2 миллион 744 миң 600 литр дизелдик отун айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө берилди.

Анын ичинен:

  • Ош облусуна — 572 250 литр;
  • Ысык-Көл облусуна — 596 850 литр;
  • Нарын облусуна — 746 600 литр;
  • Жалал-Абад облусуна — 359 550 литр;
  • Чүй облусуна — 236 300 литр;
  • Баткен облусуна — 189 350 литр;
  • Талас облусуна — 43 700 литр бөлүштүрүлдү.

Учурда жеңилдетилген баада бөлүнгөн дизелдик отундун калдык көлөмү 4 255 400 литрди түзөт.

Количество просмотров: 8