Улуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде калтырып, чечим 28-июлда күчүнө кирди.
Улуттук банк дүйнөдөгү геосаясий чыңалуу, Жакынкы Чыгышта абалдын курчушу Кыргызстандагы инфляциялык процесстерге таасирин тийгизүүнү улантып жатканын, дүйнөлүк мунай рыногундагы баа өлкөгө импорттолуучу товарлардын кымбатташына алып келгенин билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2026-жылдын башынан тартып Кыргыз Республикасында инфляция көрсөткүчү жалпысынан 6,5 пайызды (жылдык мааниде – 11,3 пайыз) түздү. Түзүлгөн инфляциянын түзүмүндө тышкы таасирдин алкагында азык-түлүк компоненти жана күйүүчү-майлоочу материалдар баалардын кыйла жогорулашын көрсөттү, бул өз кезегинде экинчи деңгээлдеги кесепеттерди жаратып, калктын керектөө куржунундагы товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрүнүн баасына таасирин тийгизди. Ошону менен бирге, мейманкана жана ресторандар чөйрөсүндө салык жол-жоболорун фискалдаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжасында кызмат көрсөтүүлөргө баа жогорулаган бойдон калууда, алар кийин келип чыккан чыгымдарын кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына которушат.