• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

1-июнда балдарды коргоонун эл аралык күнү кандай өткөрүлөт?

21 Бугу 202014:29 Бишкек Govori.TV

Бүгүн брифинг учурунда КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов 1-июнда балдарды коргоонун эл аралык күнү кандай өткөрүлө турганы тууралуу айтып берди.

“Бул жылы 1-июнь балдарды коргоонун эл аралык майрамы салтанаттуу түрдө өткөрүлбөйт. Балдар үчүн оюн-аянттар, сейил бактар иштебейт. Ал эми мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга онлайн түрүндө сүрөт тартуу жана оюн-зооктор уюштурулат. Биз кырдаалга байланыштуу балдарга майрамдык маанай тартуулай албаганыбыз үчүн кечирим сурайбыз”, — деп билдирди КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов.

Количество просмотров: 359