• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Балдарды коргоо күнүндө Бишкекте өтчү иш-чаралардын программасы

1 Кулжа 20239:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек мэриясы Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата майрамдык программа даярдады. Майрамдык салтанаттар «Ала-Тоо» борбордук аянтында жана шаардын ар бир районунда өткөрүлөт.

Бүгүн саат 10:00дөн 21:30га чейин Ала-Тоо аянтында Биринчи балалык фестивалы өтөт. Коноктор үчүн фуд корттор, оюнчук жарманкелери жана оюн-зооктор уюштурулат.

Балдарды жана алардын ата-энелерин этно оюндар, шашки, шахмат жана улуттук оюндар боюнча турнирлер, көркөм сүрөт искусствосу боюнча мастер-класстар, цирк, бет сүрөт, бий сынактары, ыр сынагы жана жаш сүрөтчүлөрдүн сынагы күтүүдө.

Ал эми саат 17.30да аянтта концерт башталат. Конокторго «Наристе» фестивалынын катышуучулары жана кыргыз эстрада жылдыздары концерт беришет.

Саат 20:00дө балдардын интернет-контентинин сегментинде феноменге айланган D Billions музыкалык тобунун чыгышы белгиленген.

Майрамды Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен биринчи айымдын «Эне-балага тирек» коомдук фонду уюштурууда.

Бишкектин райондорунда да майрамдык иш-чаралар уюштурулат. Кененирээк маалымат менен шилтеме аркылуу тааныша аласыздар.

Количество просмотров: 90