• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

1-майдан баштап айрым жарандарга ID-карталар акысыз бериле баштайт

10 Бирдин айы 2021 10:54 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Анда жоготуу учурларын кошпогондо, 2021-жылдын 1-майынан баштап Кыргыз Республикасынын жарандарына ID-карталарын акысыз негизде берүү каралган.

Жарлыкка ылайык, акысыз ID-карталар төмөнкү жарандарга берилет:

-16 жашка толуп, биринчи жолу алуучуларга;

-белгиленген тартипте каттоодо турган муктаж үй-бүлөлөргө;

-бардык категориядагы майыптарга;

-пенсионерлерге;

-Улуу Ата Мекендик согуштун жана Баткен окуяларынын катышуучуларына.

Количество просмотров: 433