• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

1-майдан тарта электр энергиясы кымбаттайт. Тариф кандай өзгөрөт?

19 Жалган куран 202413:44 Бишкек Govori.TV

2024-жылдын 1-майынан тартып бардык акыркы керектөөчүлөрү үчүн электр энергиясынын тарифтери өткөн жылдагы иш жүзүндөгү инфляциянын деңгээлине түзөтүлүп, 10,8 % га жогорулашы күтүлүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Энергетика министрлиги “Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” тиешелүү документтин долбоору коомдук талкууга чыгарылганын билдирет.

«Аталган тарифтик саясат 2025-жылга чейин бардык керектөөчүлөрдүн топтору үчүн өткөн жылдын факт жүзүндөгү инфляциясынын деңгээлине жыл сайын түзөтүүлөрдү киргизүү менен тарифтерди белгилөөнү карайт»,-деп жазылат маалыматта.

Сунушталып жаткан токтом долбооруна ылайык, жарандар 1-майдан тарта 1 кВт/саат үчүн 1 сом 10,8 тыйындан төлөй баштайт (700 кВт/саатка чейин). Азыркы тариф 1 сомду түзөт.

700 кВт/сааттан ашкан электр энергия үчүн тариф 2 сом 39,3 тыйын болот. Учурда ал 2 сом 16 тыйынды түзөт (тариф 23,3 тыйынга көтөрүлөт).

Бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарда жашаган жарандар үчүн тариф 10,8 тыйынга кымбаттап, 1 сом 10,8 тыйын болот. Алар үчүн 700 кВт/сааттык чектөө жок.

Ошондой эле «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн электр энергиянын баасы 5,4 тыйынга кымбаттап, 55,4 тыйынды түзөт (700 кВт/саатка чейин). 700 кВт/сааттан ашкан электр энергия үчүн тариф 23,3 тыйынга кымбаттап, 2 сом 39,3 тыйын болот.

Количество просмотров: 3338