Эртең, 1-октябрда саат 09:00дөн баштап 17:00гө чейин Бишкек шаарынын айрым аймактарында таза суу өчүрүлөт. Мындай чектөөлөр «Тоголок Молдо» жана шаардык суу топтомдорундагы оңдоо иштерине байланыштуу, деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.
Логвиненко, М.Фрунзе көчөлөрү жана Манас проспектиси менен чектелген аймакта таза суу жок болот.
Анын ичинде:
— Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчилигинин имараты;
— №70 мектеп-гимназия;
— №47, № 115, № 184 бала бакчалар;
— №6 төрөт үйү;
— «Билим Кенчи», «Абитуриент плюс» менчик мектептери;
— Бишкек техникалык колледжи;
— №1 стоматологиялык бейтапканасы;
— У.Асаналиев атындагы Тоо-кен иштери жана тоо-кен технологиялары институту;
— «Бета-Сторес 1» соода борбору;
— М.Миррахимов атындагы кардиология жана терапия улуттук борбору;
— Улуттук госпиталь;
— «Пром Проект» ААК;
— Ардагерлердин бейтапканасы;
— Мамлекеттик салык кызматы;
— «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы;
— БУУнун имараты;
— Ыкчам медициналык жардам борбору;
— Транспорт департаменти;
— Кыргыз коммерциялык банкы;
— «Россия» кинотеатры;
— «Территория SPA» салону;
— «Алтын түйүн» балдар инженердик-техникалык академиясы;
— «Развивайка» балдарга билим берүү борбору;
— «Карамель» кондитердик ишканасы;
— «Тур-Азия» мейманканасы;
— Абдраев атындагы атайын музыкалык мектеп-интернаты;
— Бишкек медициналык колледжи (жатакана);
— Шаардык кургак учукка каршы күрөшүү борбору;
— Электрондук саламаттыкты сактоо борбору, лабораториясында таза суу жок болот.
Таза суу өчүрүлгөн мектеп жана бала бакчалар бул күнү иштебейт. Ал эми медициналык мекемелер штаттык режимде иштейт.