2025-жылдын 1-октябрынан баштап жолдорго орнотулган аппараттык-программалык комплекстер (АПК) кур тагынбаган айдоочулар менен жүргүнчүлөрдү автоматтык түрдө каттай баштайт. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.
Маалыматта айтылгандай, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, жол кыймылынын катышуучуларынын жүрүм-турум маданиятын жогорулатуу жана укук бузуулардын алдын алуу максатында, 2025-жылдын 1-октябрынан тарта «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында орнотулган аппараттык-программалык комплекстер (АПК) унаа ичинде коопсуздук курун тагынбаган айдоочу жана жүргүнчүлөрдү фото-видео байкоо аркылуу аныктап баштайт.
Аталган эреже бузууларга АПКлар тарабынан катталган башка эреже бузуу фактыларындай эле айып пул салынат.
«Урматтуу айдоочулар жана жүргүнчүлөр, өз өмүрүңүздөрдүн коопсуздугу үчүн унаага отурганда коопсуздук курун сөзсүз тагыныңыздар жана жол кыймылынын эрежелерин так сактаңыздар!»,-деп айтылат маалыматта.