• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

1-октябрдан тартып аскер жана укук коргоо кызматчыларынын айлыгы жогорулайт

19 Аяк оона 2022 17:00 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине акчалай үлүштү төлөө системасын өркүндөтүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду.


Жарлыкка ылайык, аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин материалдык жыргалчылыгын жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын аскердик кызмат жана укук коргоо органдарында кызмат өтөө милдеттерин аткаруу үчүн тийиштүү шарттарды камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
2022-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын системасынын кызматкерлерин кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат өтөө үчүн үстөктөрдү жылдык эмгек акы фондунун 80 пайызына чейин жогорулатсын;
Бул Жарлыкты ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.

Количество просмотров: 3007