Бишкек.18.04.2019.Govori.TV.
Юстиция министрлиги «СДПК» партиясын каттоого алып, төрагалык расмий түрдө Сагынбек Абдрахмановго өттү деген маалымат кеңири тараган.
Бул маалыматка ылайык, КРнын Юстиция министирлигинин юридикалык жактарды каттоо башкармалыгынын башчысы Эмир Зулпуев түшүндүрмө берди.
Ал эми С. Абдрахманов, Атамбаев партиянын мөөрүн, банктардагы каражатын жана уставын кайтарып беришин маалымат жыйында талап кылды.
Атамбаевдин тарапташтары бул ишти териштирүүнү башкы прокурорго айтып, бирок сотко арыз берген эмес. Себеби, соттук процесстер 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого бөгөт коет.