• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

№1 шаардык ооруканасынын дарыгеринин видеокайрылуусу боюнча комиссия түзүлдү 

9 Теке 2020 12:02 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда №1 шаардык ооруканасынын дарыгеринин видеокайрылуусу боюнча бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова түшүндүрмө берип, атайын көз карандысыз комиссия түзүлгөнүн айтты.

“Социалдык тармактарда №1 шаардык ооруканасынын дарыгери башкы дарыгер бейтаптарды ар кандай себептер менен кабыл албай, ал жакта иштеп жаткан медицина кызматкерлеринин иштөө шарттарына көңүл бурбай жатат деген видео тараган. Ал боюнча Саламатттык сактоо министрлигинде атайын көз карандысыз комиссия түзүлдү. Бүгүн республикалык штабда премьер-министр эртеңки күнгө карата комиссиянын ишинин жыйынтыгын чыгаруу тапшырмасын берди”, — деди Акматова.

Буга чейин аталган ооруканада иштеген дарыгер Дөөлөтбек Ибраимов видео кайрылуу жасаган. Анда башкы дарыгер Жусуп Бошкоев өзүнүн тааныштарын, чиновниктерди жана алардын жакындарын жаткырууга медиктерди мажбурлап жатканын айткан. Ошол эле учурда “ооруканага келген бейтаптар кабыл алынбай калууда” деп билдирген. Мындан сырткары, жеке коргонуу каражаттарын туура бөлүштүрбөй, айрым буюмдарды бербей жатканына нааразы болгон.

Количество просмотров: 261