• Дүйшөмбү 27 Теке 2026
  • Понедельник 27 Июль 2026

Жаңы окуу жылындагы каникулдардын графиги бекитилди

27 Теке 202612:28 Бишкек Govori.TV

Агартуу министрлиги бекиткен базистик окуу планына ылайык, окуу жылындагы эс алуу графиги төмөнкүдөй белгиленди:

Күзгү – 5 календарлык күн (2026-жылдын 11–15-ноябры, сабактар 2026-жылдын 16-ноябрынан улантылат);

Кышкы – 10 календарлык күн (2027-жылдын 1–10-январында, сабактар 2027-жылдын 11-январынан улантылат);

Жазгы – 6 календарлык күн (2027-жылдын 3–8-мартында, сабактар 2027-жылдын 9-мартынан улантылат);

Майдагы (майрамдык) – 9 календарлык күн (2027-жылдын 1–9-майында, сабактарга 2027-жылдын 10-майында кайтышат).

Мындан тышкары, 1-класстын окуучулары үчүн мектептик каникулдар эки жумага, ал эми 2-класстын окуучулары үчүн бир жумага кошумча узартылат.

Кошумча каникулдардын мөөнөтү райондук жана шаардык билим берүү башкармалыктары тарабынан аймактык-климаттык жана санитардык-эпидемиологиялык шарттарды эске алуу менен белгиленет.

Жайкы каникул мезгили эсепке алынбаганда окуу жылынын узактыгы 1-класста – 32 жуманы, 2-класста – 33 жуманы, ал эми 3–11-класстарда 34 жуманы түзөт.

Количество просмотров: 10