Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапары күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий сапар менен Кыргызстанга келген Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен жолугушуусу учурунда айтылды.
Маалым болгондой, жолугушууда Си Цзиньпиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарына даярдык көрүү иштеринин жүрүшүн жана кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкууланган.
Ошону менен катар эле тараптар тышкы саясий ведомстволордун башчылары соода-экономикалык кызматташтык, айыл чарба, өнөр жай жана инвестицияларды тартуу тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин да карашты. Тараптар Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун жана башка ири инфраструктуралык демилгелерди ырааттуу илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын 2025–2026-жылдардагы ШКУга төрагалыгынын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери боюнча да пикир алмашуу болду. Кытай тарап кыргыз тарапты ШКУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынын ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктап, ШКУнун Бишкек саммитин өткөрүүгө колдоо көрсөтөрүн билдирди.