Бишкектин Биринчи май райондук соту социалдык тармактарда бийликти сындаган пикирлери менен таанылган активист Азамат Баямановду эки айга камакка алды. Бул тууралуу активисттин аялы «Азаттыкка» кабарлаган.
Маалыматка ылайык, Баяманов массалык башаламандыктарды уюштурууга шектелүүдө.
Эске салсак, аны 24-июлда белгисиз адамдар кармап, күчкө салып автоунаага отургузуп, белгисиз жакка алып кетишкени боюнча маалыматтар соцтармакка тараган.
Ал эми укук коргоо органдары Баяманов жөнүндө расмий маалымат бере элек.
Буга чейин Баяманов УКМКга суракка кирип чыкканын өз баракчасында жарыялаган.