№1 тергөө абагынан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Фарид Ниязов бошотулду. Аларды бошотуп жаткан видео социалдык тармактарда жарыяланды.
Эскерте кетсек, Ниязов менен Сагынбаев Кой-Таш окуясы боюнча иште айыпталуучулардын бири.
Буга чейин камактан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев, саясатчы Садыр Жапаров жана башка саясатчылар бошотулган эле.